www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясы эмне үчүн 210 жаңы автобустун 90у гана линияга чыгып жатканын түшүндүрдү.

Борбор калаага алынып келген 210 автобус «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын менчиги жана алар Өзбекстандан алынып келген. Мэрия бул компанияга муниципалдык каттамдарды аутсорсинг ыкмасы менен берген. Ошол эле учурда «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы ушул жылдын аягына чейин 350 даана автобус алып келүүнү пландап жатат.

«210 автобус толугу менен каттамга чыга албай жатканынын себеби - жарандарыбызды коопсуз жана ыңгайлуу ташый турган квалификациялуу айдоочулардын жоктугу болууда. Бул негизги маселе. Учурда компания айдоочуларды тартуу боюнча чараларды көрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости