www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Качан акчалуулар оюндан чыкканда гана таза шайлоо болот», - деди бүгүн, 15-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине акын жана журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Шайлоого аттанган бир топ партиялар курултайларын өткөрдү. Дээрлик баарында шайлоонун таза өтүшүнө ишеничтер айтылды. Бул сапар шайлоо президент айткандай таза, мыйзам бузууларсыз өтөөрүнө ишенсек болобу?

- Ооба, шайланып, шадыраңдап, мурдагыдай эле болот деп бара жатышат. Эреже - мыйзамдар өтө катуу иштеген советтик мезгилде деле пара деген нерсе болгон. Адамдан айла-амал качып кутулбайт экен да. Негизи, бул жолку шайлоодо аймактарга бөлүнгөн жерде мандем бар. Акчалуулар учүн өзүнө тиешелүү шайлоочуларды сатып алууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Андай кылбай, өлкө боюнча эл шайлаган адам депутат болсо жакшы болмок. Партиялык системада андай бар экен. Добушту бир аймактан алабы, же өлкө боюнча алабы - өз тандоосу. Бул жолку шайлоо деле таза өтпөйт. Качан акчалуулар оюндан чыкканда гана таза шайлоо болот.

- Өлкөнүн экономикалык абалын сынга албаган талапкер бул шайлоодо жок болоору айтпасак дагы белгилүү. Министрлер кабинети актануу иретинде эл аралык тенденцияны бетке тутууда. Кызматтан кеткен Улукбек Мариповдун ордунда болсоңуз, эмне деп буларга жооп кайтарат элеңиз?

- Экономикалык абал деген сөз жөнөкөйлөштүргөндө элдин турмушун жакшыртуу, курсагын тойгузууга шарт түзүү деген эле сөз. Биздин эл башкарууга өтө ыңгайлуу, гүлдөп өсүүгө жакын. Себеби, саны жагынан аз. Суунун башы. Ушундай элди жөндөй албай эстери ооп атканына таң калам. Же элдин өнүгүп-өсүшүнө тоскоол болгон атайын күчтөр барбы, акылым жетпей койду. Эл аралык тенденциясыз эле башынан очорулуп араң турган неме азыр шылтоо болуп атат да.

Мен Мариповдун ордунда болсом, өлкөнү гүлдөтүүгө салым кошо турган кесипкөйлөргө конкурс жарыялап, ошолордун эң тез жана кыска убакытта ишке аша турган сунуштарын тандап алып, өлкөнүн акыл казынасын түзмөкмүн. Анан ошолор менен тынбай иш алып бармакмын. Бир жылдын ичинде өлкө болуп көрбөгөндөй өзгөрмөк. Азыркы акыбалга жооп бер деп көзүн карап отуруштун кереги жок. Ансыз деле баары көрүнүп турат. Аракети бар, жыйынтыгы жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости