www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн шайлоонун таза өтүшү маанилүү», - деди бүгүн, 15-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине Апрель революциясынын баатыры Кайып Шер.

- Шайлоого аттанган бир топ партия курултайларын өткөрүп, тизмесин жарыялай баштады. Бул сапар шайлоо президент айткандай таза, мыйзам бузууларсыз өтөөрүнө ишенсек болобу?

- Алдыдагы парламенттик шайлоо мурунку шайлоолорго караганда тазараак өтчүдөй. Буюрса, шайлоо иштерин дыкат карап, баамдап турабыз. Президент дагы таза шайлоо боюнча кам көрүп жатканын угуп жатабыз. Кудай бийликтин атын жамынган айрым адамдардын кесепетинен сактасын. Анткени, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн шайлоонун таза өтүшү маанилүү. Шайлоо таза өтсө, саясий стабилдүүлүк болот. Экономика көтөрүлөт. Парламенттик шайлоонун чатак менен коштолушу элге-журтка талкан бербесин баары түшүнүп турат.

- Өлкөнүн экономикалык абалын сынга албаган талапкер бул шайлоодо жок болоору айтпасак дагы белгилүү. Министрлер кабинети актануу иретинде эл аралык тенденцияны бетке кармап жатат. Марипов кандай иштеди?

- Экономиканын бүгүнкү акыбалы депутаттыкка ат салышып жаткан талапкерлерге майдай жагат. Ооздорун чоюп, сын айтышат. Ал турсун алар экономиканын азыркы абалын элдин добушун алуу үчүн да пайдаланат.

Негизи, экономикабыздын төмөндөшүнө, акыбалыбыздын оорлошуна 30 жылдан бери келаткан кесепеттер себеп болду. Тагыраагы, сырткы факторлор көбүрөөк жолтоо болуп келе жатат. Негизи, Марипов колунан келишинче иштеди. Бирок келечектин талабына бул киши жооп бербейт. Шайлоонун алдында Казакстандын, Орусиянын тилин таба турган киши министрлер кабинетинин башына келсе туура болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости