www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстанда партиялардын аттары гана башка, агымы менен нугу бипбирдей», - деди бүгүн, 15-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине акын жана журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Калдарбек-ага, шайлоого партиялардын дагы деле көп катышканы партиялар таасирин жогото электен кабар береби?

- Кана ошондой болсо, бизде деги эле аты менен заты төп келишкен жарты партия да жок. Башатында эле туура эмес учкашуу жараяны жүргөндүктөн, тагыраагы, он мүчөң болсо эле партияңды каттата бер деген көрсөтмө мына ушундай «галдирбайчылыкты» жаратты. Партия десе тууган-туушканды, колу-кошунаңы, тааныштарыңы түшүнө бер...

Анткени бизде партиялар - шайлоо үчүн гана кагаз бетине чийилип калган шайтанатат. Башка кезде аны неге кошуп жештин ыкмасын деле билишпей. Тагыраагы, партиялык түзүлүш, деги эле партия деген түшүнүктүн классикалык аныктамасына алигиче түшүнө элек. Түшүнбөйт да сыягы, менимче бир аздан кийин аны сүрүп чыгарып салышат чамасы. Балээнин баарын ушул шайтанат жаратты деген пикир элге сиңип баратат. Бул жаңылышпы же башкабы, аны мезгил өзү аныктаар.

Ал эми партиялардын шайлоого тизилип бараткан кербендей чубалып баратышы партиялардын кандайдыр бир саясий кармашы же башкасы эмей эле, шайлоодо эптеп утуп чыгуу аракети. Анткени бардык партиялардын аттары гана башка, агымы менен нугу бипбирдей. Программасы, идеясы ким бирөөдөн көчүрүлүп, кагазга гана түшүрүлгөндүктөн, шайлоо алдындагы баш кошуулар, ажырашуулар биринен экинчисине өтө качуу сыяктуу көрүнүштөр арбын.

Ошон үчүн бир партия ит болуп калса, жанагы 200дөй катталган партиялардан тандап, сатып алып, шапкени алмаштырып бара беришет. Анан кайдагы идея, кайдагы партия... Бир сөз менен айтканда, партиялар мындай турсун, биз ошолордун чаңында адашып калгандайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости