www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каралбай калган балдардын реабилитациялык борборун калыбына келтирүү үчүн уюштурулган марафондо 2 саат аралыгында 40 млн сом чогулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоож ана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет .

Бир аз мурда марафондун расмий ачылуу аземине президент Садыр Жапаров да катышып, президенттин фондунан 3 млн, министрлер кабинетинин фондунан да 3 млн сом кошкоунун жазган элек. Ошондой эле, президенттин үй-бүлөлүк фонду эсебинен 500 000 сомду биринчи айым Айгүл Жапарова тапшырган.

Мындан сырткары, Айыл чарба министрлиги 200 миң сом, Ысык-Көл облусунун фондунан 1 млн сом которулган. Бул тизмени Талас, Нарын, Чуй облустарынын башкармалыктары улантты, бирок суммасы айтылган жок.

Көп түкүрсө көл болот демекчи, бул кайрымдуулук иш-чарага кол сунгусу келген ар бир жаран телефон аркылуу да акча которсо болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости