www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдардын саны 200 миңдин тегерегинде. Бул тууралуу 15-октябрда Бишкекте кайрымдуулук марафонунда чыгып сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, майыптыгы барларга мамлекеттен берилүүчү жөлөкпул өлчөмү быйыл 50 пай2ызга көбөйтүлдү, кийинки жылы дагы ошончого көбөйтүү пландалууда:

“193 700 майып киши бар экен, алардын 32 миңи - 18 жашка чыга элек балдар. Арасында атасы же апасы жоктор, томолой жетимдер да бар. Президенттин жарлыгына ылайык, 1-октябрдан баштап 50 пайызга көбөйтүлдү, 1-январдан баштап 100 папйызга көбөйтүлөт”, - деди ал. Бул үчүн, Жапаровдун айтымында, келээрки жылы 3 миллиард сомдон ашык акча бөлүнөт.

Укук коргоочулардын айтымында, майыптыгы бар кыргызстандыктардын саны расмий статистикадан кыйла айырмаланат, себеби алардын көбү расмий каттоого алынган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости