www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров көп улуттуу ооган элине ар тараптуу жана, өзгөчө, азык-түлүк боюнча колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул туурасында мамлекет башчы бүгүн, 15-октябрда, видеоконференция тартибинде өтүп жаткан Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Дүйнөдөгү жагдай тез алмашууда. Бүгүнкү күндүн реалдуулугу пайда болуп жаткан маселе жана коркунучтарга өз убагында реакция кылуу үчүн күч-аракеттерди консолидациялоо зарылдыгын талап кылууда.

Эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана чек ара аралык кылмыштуулук өңдүү дейстабилдештирүүчү факторлордун болушу, ошондой эле, социалдык-экономикалык жана азык-түлүк кризисинин мындан аркы курчушу Ооганстанда гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн. Бул, өз кезегинде, аталган өлкөдө ич-ара согушка алып келиши мүмкүн, анда ал Борбор Азия менен Жакынкы Чыгыш региондорунда абалды чыңалтып, аны дестабилизациялашы ыктымал», — деди Жапаров.

Кыргыз мамлекет башчысы бул маселелер жана коркунучтарды нейтралдаштыруу учүн биргелешкен иштиктүү чараларды кабыл алууга чакырды. Мында КМШ болуп жаткан процесстерге позитивдүү таасир этүү жана регионалдык стабилдүүлүктүн салмактуу фактору катары чыгуу үчүн калыптанганына көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров КМШ эгидасы алдында Ооганстан элине гуманитардык жардам жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап, мындай акция КМШнын эл аралык сахнадагы аброюн бекемдөөгө жана бул өлкөдөгү стабилдүүлүктүн калыбына келишине салым кошооруна ишенээрин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости