www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өзбек темир жолдору" ишканасы Орусиядагы эмгек мигранттарын алып келүү үчүн төрт поезд каттамын уюштурат. Маалыматка караганда, "Волжский-Ташкент" каттамы боюнча жүрө турган поезддер Өзбекстанга 22чи, 25чи, 29чу-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү чыгат. Билеттер бир тарапты көздөй гана сатылып, аларды мигранттардын Өзбекстандагы туугандары да электрондук түрдө алса болот.

Өзбекстандын бийлиги 2020-жылы да Орусиядан мигранттарды кайтарып келүү үчүн атайын поезд каттамдарын уюштурган. Карантиндик чектөөлөрдөн улам эки өлкө ортосундагы жүргүнчү ташыган поезд каттамдары буга чейин иштебей турган. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен Орусия ортосунда аба байланышы гана ачык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости