www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан 2022-2024-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп тандалды. Уюмдун Жалпы ассамблеясы кеңештин 18 мүчөсүн 14-октябрда шайлады. Алардын арасында Казакстан сыяктуу эле - адам укуктарынын бузулганы үчүн сынга кабылып келген Сомали, Катар, Эритрея өлкөлөрү да бар.

Кеңешке мүчө болуп тандалуу үчүн кеминде 97 добуш талап кылынат. БУУнун маалыматы боюнча, Казакстанды Жалпы ассамблеянын жыйынында 184 өлкө колдоду. "Казакстандын кеңештеги ишинин негизги багыттары катары гендердик теңчиликти алдыга сүрөө, аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, өлүм жазасын жалпы жоюу, дин эркиндиги, жалпы инклюзивдүү билим берүүнү камсыз кылуу, ошондой эле, пандемия шартында адам укуктарын сыйлоо маселелери аныкталды", – деп жазылган Казакстандын Тышкы иштер минстрлиги 15-октябрда тараткан билдирүүдө.

Казакстан БУУнун кеңешине адам укуктары көп бузулуп жатканы үчүн укук коргоочулар менен эл аралык уюмдардын сынына кабылып жаткан маалда тандалды. Бир нече күн мурда Human Rights Watch уюму БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болууга татыктуу талапкерлер өтө аз экенин билдирип, Казакстандагы абалды сынга алган. "Казакстандын өкмөтү адам укуктарына өзгөчө көңүл буруп жатканын билдиргенине карабастан, өлкөдө сөз эркиндиги, жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугу жана көз карандысыз кесиптик кошуун түзүү мүмкүндүктөрү чектелген", – деп жазылган уюмдун билдирүүсүнө.

Казакстандын бийлиги жакында бир нече "саясий туткунду" эркиндикке чыгарган. Бирок укук коргоочулар өлкөдө активисттерди куугунтуктоо уланып жатканына тынчсызданат.

Ушул аптада "тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан" деген айып менен 13 активист соттолгон. Алар буга чейин тынч митингдерге чыгып жүргөн. Укук коргоочулар - активисттер жарандык активдүүлүгү үчүн жазаланганын билдирүүдө.

Быйыл февралда кабыл алынган Адам укуктарынын абалы тууралуу Европа парламентинин резолюциясында Казакстанда бул тармактагы абал начарлаганы белгиленген. Укук коргоочулардын айтымында, өлкөдө "өз көз карашын айтканы үчүн" куугунтукталган ондогон активист дале болсо түрмөдө калууда.

Адам укуктары боюнча кеңеш – курамына 47 мамлекет кирген БУУнун өкмөт аралык органы. Ал адам укуктары тармагындагы көңүл бурууну талап кылган окуяларды жана бардык тематикалык маселелерди талкуулоо боюнча иштейт. Кеңештин мүчөлөрү беш аймактык топтон шайланып, өз милдеттерин үч жыл аткарат. Адам укуктары боюнча кеңештин жыйындары БУУнун Женевадагы бөлүмүндө өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости