www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайырбек Сарпашевдин эмнеге камалганы айтылды

Кечээ, 14-октябрда, Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын тандады. Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Сарпашев түзүлгөн кызматташуу келишими боюнча алынган милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу ал сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганга, тактап айтканда, 30-ноябрга чейин камакта болот.

“Буга чейин Сарпашев менен кызматташуу келишими түзүлгөнүнө байланыштуу анын баш коргоо чарасы камакка алуудан - сыртка чыкпоо боюнча тил катка өзгөртүлгөн”, - деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, Тайырбек Сарпашев “Кумтөр” иши боюнча 18-июнда кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости