www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакта  заман будуң-чаң болуп кетти. Эркектердин көп аял алуусу миң жылдардан бери шариат менен мыйзамдашкан. Ал эми үй-бүлөсүн багуу үчүн миграцияга кеткен кээ бир кыз-келиндердин чет элдиктерге күйөөсүнөн тышкары нике кыйдырган учурлары да кезигип жатат. Эркектерден төрөлгөн балдар кыргыз элин көбөйтөт. Аялдардын чет элдиктер менен болгон никеси башка улуттун санын көбөйтөт. Эки никеси жок эле кээ бир кыздарда кытайлыктарга турмушка чыгуу мода болуп бараткандай.

Кыргыз эли геометриялык прогрессия менен азайып баратат. Ансыз деле калкы аз кыргыздар 60-80 жылдары экиден бир үй-бүлөдө он балалуу болуп отуруп 3 миллионго чукулдап алганбыз. Эми 4-5 балалуу үй-бүлөнү көп балалуу үй-бүлө катары карайбыз. Экс-президент Атамбаевдин эки аялынан 4-5 бала болсо керек, Раиса Атамбаевадан өгөй балдарын кошкондо балким андан көптүр. Ал эми бир гана сарбагыш уруусун башкарган Эсенкул баатырдын жети аялынан эркек баласы гана жыйырма бир болгон. Кыздарын санжырада эсептечү эмес. Эсенкулдун чоң атасы Маматкулдун балдары жөнүндө: «Өлдүм, өлдүм дегендин, өзөн толо малы бар» -деген сөз калган. Эгер биз азыркы темп менен алга жыла турган болсок, бара-бара кыргыз эли азайа баштайт. Бир жагынан эмгек миграциясына кетип барган жерине биротоло калгандар да көбөйдү. Союз убагында Тажик ССРи менен бирдей болчубуз, алар тогуз миллионго кетип барат, биз башка улуттарды кошуп алты миллиондон араң жылдык. Олигархтарыбыз баладан акчаны жакшы көрүшөт.Минтип отурсак кыргыздар 3-4 миллиондун теерегинен жылбай Европа мамлекеттериндей артка кете баштайбыз. Бир учурда Юстиция министри,азыр президентке талапкер ьболуп алып салган Марат Кайыпов көп аял алууну мыйзамдаштыргысы келген. Балким эркектердин көп аял алуусун мыйзамдаштыруубуз туура болуп жүрбөсүн?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости