www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина парламенттин жыйындарына эмне себептен катышпай жатканы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал ЖМКларга өзү билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал жумасына үч жолу сотко барат. Ошондой эле депутаттык милдетин аткарып, шайлоочулар менен жолугушууларды улантууда.

«Мен сот отурумдарына жумасына үч жолу катышам. Жээнбековдун бийлиги мени ушул нерсеге түрттү. Мен эл менен иштейм, митингдерге катышам, көптөгөн шаарлардын тургундары менен жолугушам», – деди Карамушкина.

Ошондой эле ал маяна алганын, бирок анын көпчүлүгү кызыл зонанын дарыгерлерине жана кайрымдуулукка жумшалаарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости