www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөлүк бийликтин колдоосундагы хакерлер АКШнын Финансы министрлиги телекоммуникацияны жана Интернетти тескеген федералдык агенттик менен кат жазышкан почтасын бузуп киришкен. Алар мындай жол менен Кошмо Штаттардын башка мамлекеттик кызматтарынын электрондук почталарына да кирген болуш керек деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук кеңеши хакердик чабуул тууралуу маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок. «Reuters» маалымат агенттиги Финансы министрлигинин почтасына коюлган чабуул тууралуу ишембиде Улуттук коопсуздук кеңеши атайын жыйынга чогулганын кабарларды.

Азыркы тапта чабуулдун артында кайсы мамлекет турганы да белгисиз. Адистер чабуул өтө бийик техникалык деңгээлде болгондуктан, мунун артында башка бир мамлекеттин бийлиги турат деп эсептешет.

Эске салсак, буга чейин АКШ өзүнүн телекоммуникация жана маалыматтык инфратүзүм тармагына коюлган чабуулдар үчүн Орусиянын, Ирандын, Кытайдын жана Түндүк Кореянын бийлигин айыптап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости