www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилсиз жоо бир үй-бөлүн өмүрүн алды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өрт чыгып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, 13-декабрь күнү саат 14:36 чамасында Новопокровка айылынын түштүк жагында жайгашкан кашардан өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метрди түзөт. 

Анын кесепетинен 1 аял, 1 кыз, 2 бала каза болду.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктан каза болдгондор бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү, (25 жаштагы аял, 6, 3 жаштагы эркек балдары жана төрт жаштагы кыз) экени айтылууда.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:14тө чектөөгө алынып, кечки саат 20:47де толук өчүрүлгөн.

Азыркы тапта келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости