Эмомали Рахмон Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Расмий кабарлар  |   |  1137

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан элинин өз эркин билдирүүсүнүн натыйжалары коомчулуктун өлкөдөгү туруктуулукту жана ынтымакты бекемдөөгө, мындан ары анын туруктуу өнүгүшүнө багытталган сиздин курсту кеңири колдой тургандыгын тастыктап турат. Тажикстан менен Кыргызстандын элдерин кылымдарды карыткан достук, ак ниет коңшулук жана өз ара урматтоого негизделген салттуу мамилелер байланыштырат. Эки элдин ортосундагы мамилелердин бардык тарыхый мурастарын сактоого жана өркүндөтүүгө кызыкдарбыз. Сиз менен биргеликте тажик-кыргыз көп кырдуу кызматташтыгынын бардык чөйрөсүн сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө күч-аракетибизди жумшайбыз деген үмүттөмүн», - деп белгиленет куттуктоодо.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана президенттик кызматындагы жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями