Караколдогу лыжа базадан казакстандык бала каза болду
Кылмыш жана кырсык  |   |  382

Караколдогу лыжа базасында 12 жаштагы казакстандык бала трассалардын биринен түшүп бара жатып каза болду. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалымватка караганда, бүгүн, 12-январда саат 15:00 чамасында милицияга лыжа базасынан 12 жаштагы бала трассалардын биринен түшүп келе жатып карагайга урунгандыгы, ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү материалдарды чогултуп жатышат.

Учурда баланын сөөгүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн облустук ооруканага алып баратышат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями