www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы «Т.А.Р» карата мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-2020-жылдар аралыгында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчи «Т.А.Р» көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгон, алар жакын туугандарынын көмүскө түрдө катталган.

«Учурда «Т.А.Р» тарабынан мыйзамсыз материалдык баюу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости