www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы эң көп адам өлтүргөн кишинин аты аталды. Ал Сэмюэль Литтл. 79 жаштагы Сэмюэль Литтл учурда абакта жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу ФБР жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Литтл 1970-2005-жылдар ичинде 93 кишини өлтүргөнүн мойнуна алган. Анын айткандарын текшерген ФБР 50 кишинин өлтүргөнүн такташкан, калганы да изилденип жатат. Литтл негизинен сойкуларды жана баңги затына көз каранды аялдарды өлтүргөн.

Литтл өлтүргөн убактарын так эстей албаганы менен, окуя кайсы жерде болгонун жана киши өлтүргөн учурда болгондордун майда-чүйдөсүнө чейин жакшы эстеп калган. Ошондой эле, ал курмандыктарынын айрымдарынын сүрөттөрүн тартып берген.

Бул киши өлтүргүч мурун мушкер болгондуктан, көпчүлүгүндө аялдарды бир уруп эсин оодарып, анан муунтуп өлтүрчү экен. Өлгөн аялдардын денесинде бычактан же атуучу куралдан калган жаракаттар жок болгондуктан, көпчүлүк кылмыштар баңги затын ашыкча колдонуудан же кокусунан өлгөн деп табылып, толук изилденбей калган.

Белгилей кетсек, Литтл баңги затын сатуу боюнча айыпталып 2012-жылы гана кармалган. Абакта жатканда анын ДНКсы текшерилип, жыйынтыгында анын 1987-89-жылдары болгон 3 киши өлтүрүүгө тийиштиги бар экендиги аныкталган. Кийинчерээк анын башка да киши өлтүрүүлөргө тийиштиги бардыгы ачыкка чыга баштаган. 2014-жылы ал үч ирет өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыккан.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости