www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоого дагы төрт жылдык мөөнөт бар. Бирок, эмитен эле кээ бир саясатчылар стратегия-максимумду түзүшүп президенттик шайлоону утурлап чамына баштады. Албетте, ага чейин стратегия-минимум парламенттик шайлоодо жеңиш керек. Алдыны утурлай 2023-жылы ким президент болоруна саресеп салып көрөлү...

Замана кандай кары, кандай керең,

Закымдап учкан сайын түбү терең.

Кыргызстан өлкөсүнө ажо издеп,

Куйручук сынчы элге келет экен.

 

Кыргызды кыңк эткизбей башкарууга,

Баш болуп Кыргызстанга жаш, карыга.

Ишенген өз күчүнө “элиталар”,

Келсин  деп өзүн-өзү сындатууга.

 

Алмазбек ажого «дед» карап-карап,

Ал-күчтүү элитаны бирден санап.

Эскерип Масалиевди «самоотвод» деп,

Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.

 

Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай,

Келе албай турган экен кыргыз далай.

Шарт эле жөнөйт экен угар менен,

Өмүрбек  таланты зор, заади малай.

 

Куйручук сынчы сынап минтип айтат,

Жүрөгү арстандан кайра тартпайт.

Колу ачык, жоомарт экен чачып элге,

Жүргөнү манаптардай дайым шарт-шарт.

 

А БИРОК… кошомат чоң илдет экен,

Калп-чынды кошуп кээде ийлейт экен.

Чокчоңдоп кол алдында тургандарга,

Чоңдорду көрсө эле бийлейт экен.

 

Куйручук байкап аны жактырбаптыр,

Ажолукка Бабановду чакырбаптыр.

Манаптан киши жокпу эл-журтта деп,

Микрофон алып Кукең бакылдаптыр.

 

Эл-журтту байкай анан сынай карап,

Тактынын көздөй жыла жөнөй калат.

Өмүрбек Базар-Коргон манабынан,

Кыргызды жиберчүдөй барын сабап.

 

Куйручук сынчы карап сынайт экен,

Жаактууга сөз бербеген абдан чечен.

Эл-журттун ишенимин актай алат,

Манапча айткан сөзгө өзү бекем.

 

Хан болсо жайлайт тилин тосуп туруп,

Буйрукту берет үнүн созуп туруп.

А БИРОК… өлкөнү бүт сатып ийер,

Байкатпай “Белизгейтке” кошуп туруп.

 

Деп  сынчы айтат экен карап даана,

Текебаев такка чыгып баратканда.

Куйручук Текебаев Өмүрбекти,

Жөнөтөт хан болсун деп тараканга.

 

Акылбек чыгат экен элге карап,

Анардай жаңы бышкан өңү жарап.

Еврей кире качаар тешик таппай ,

Эгерде такка отурса «эСэС» саяк.

 

Куйручук баалайт экен оюу кенен,

Акылбек ажо болууга жолу кенен.

А БИРОК…кантип аны хан кылабыз?

Койтойгон кичинекей боюу менен.

 

Деп сынчы кодоосуң деп жактырбаптыр,

Тактыга Жапаровду жактырбаптыр.

Боюу узун барбы адам эл-журтта деп,

Куйручук элге чыгып бакылдаптыр.

 

Абтандил Кулбарак деп алган атак,

Ажолукту алармын деп кылат чатак.

Ким бар деп ажо болууга менден башка,

Сынчыны кирген экен сөзгө матап.

 

Тамагын Соң-Көл менен майлап койгон,

Тагдырын парламентке байлап койгон.

Бизнестен капканына түшкөндөрдү,

"Биттасын" таап туруп жайлап койгон.

 

Боюу бар, боюна чак салмагы бар,

Сөзгө бай, Жумгал деген аймагы бар.

Куйручук баасын берет Абтандилге,

Сөзүндө сүтү эмес, каймагы бар.

 

А БИРОК…Апын динди кармабаптыр,

Арамбы, адалбы деп тандабаптыр.

Чочкону койдой союп шорпосуна,

Жүз грамм арак кошуп жалмалаптыр.

 

Деп сынчы Абтандилдин бактысына,

Кубалап түшөт экен тактысынан.

Шарият жолун туткан бар бекен деп,

Жар салып чакырат дейт сакчысынан.

 

Чыгат дейт тандеми бар Искен молдо,

Оо, кудай мына эми өзүң колдо.

Келтирип улам-улам дин келмесин,

Тактыга бара жаткан кыска жолдо.

 

Сынчыга Гаипкулов жагыптыр дейт,

Кунт коюп өтө көңүл салыптыр дейт.

А БИРОК… жаратпаптыр Мелисине,

Мурдунан жетелетип калыптыр деп.

 

Искендин Мелис менен тандеми бар,

Экөөнүн билбейм кандай мандеми бар?

Келет дейт Төрөбаев Бакыт деген,

Трактор, МТСда ал деми бар.

 

Төрөбаев ажо болууга жарар эле,

Трактор кошуп барын багар эле.

Түбүнө жердин чукуп кирсе дагы,

Пахмелге баш оорутпай табаар эле.

 

А БИРОК…дайым болуп “Өнүгүү” бута,

Ажолукту алалбайт го эми ута.

Айлыгын  тракторго бүт которуп,

Бакыттын чөнтөктөрү абдан жука.

 

Жулунуп кыргыздарды бирден жөөлөп,

Айкырып кээде эшекче, кээде мөөрөп.

 “Аюну” титиреткен Шаки келет,

Долларга,еврого толгон чөнтөк.

 

Кудум да өзү үйрөткөн мектеп анык,

Куйручук Шаки жакты беттеп алып.

Шолоктоп жашын төгүп ыйлап ийет,

Бала кез мөөрөгөнүн эстеп алып.

 

Бир Шаки, «Аю» деген шапка гана,

Жарайт го Кыргызстанга такка даана.

А БИРОК…көргүлүктү көрөсүңөр,

Кокустан бийлик тийсе маңкаларга.

 

Деп сынчы Шакини да маңкасың деп,

Тапкыла мурду бүтүн башкасын деп.

Турганда Өмүркулов Иса келет,

Кочкордой тумшук кантип жакпасын деп.

 

Сынчы айтат мурдун абдан сыйлар элем,

Кыргызстанга Исаны ажо кылар элем.

А БИРОК… бойдок боло калат экен,

Үйүнөн эки кадам жылаар менен.

 

Деп сынчы кубалаптыр бойдоксуң деп,

Сойкуга барганыңды койбопсуң деп.

Аңгыча Турускулов Жыргал келет,

Жаш элем бирок кудай колдосун деп.

 

Кубулжуп үнү башка, улам ар ким,

Таптаса чыгар эле андан балким.

Туураса башкаларды окшоштурат,

Тургансып бет алдыңда Максим Галкин.

 

А БИРОК… кадыр-баркын жоготобу?

Ажо болуп тапканын бүт коротобу?

Далайга башы бышкан «дед» элита,

Жыргалды «молодой» деп тоготобу?

 

Деп сынчы Жыргалды да чакырбаптыр,

Тактыга барбы ким деп бакылдаптыр.

Таздарга сыным өтпөйт, көз тиет деп,

Сындоого Алтыш тазды чакырбаптыр.

 

Эркек жок бир топ убак турат экен,

Жулунуп Ширин сулуу чыгат экен.

Сынчынын карт жүрөгү болк дей түшөт,

Сулууну сырдуу карап сынайт экен.

 

«Сулуусуң айтып бүткүс сулуулугуң,

Айтайын денеңдин да жылуулугун.

А БИРОК… көтөрө албайт Кыргызстан

Тилиңдин заардуулугун, уулуулугун».

 

Куйручук: «Биссимилда рахман» деди

«Жигит бар кыргыздарды баккан –деди.

«Спикер болуп жүрүп бир убакта,

Компоюп парламентке жаккан» - деди.

 

«Асыке, шайлоочуга арак бергин,

Кыргызстанды бүт кыдырып карап келдим.

Жок экен башка адам ажо болууга,

Баш болуп кыргыздарга жарап бергин.

 

Валюта, акча толо «карманың» бар,

Депутаттык жактан деле дарманың бар.

Оюң бар, боюң да бар, жолуң да бар,

Боюнда бар келиндердей салмагың бар.

 

Деп сынчы Кыргызстан ханын мактай,

Асыкени турган кезде санын таптай.

Чагылган «чарт» дей түшүп Куйручукту,

Тургандар бир заматта калды таппай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости