www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Издөө салынат!

Бишкек шаардык милициясы дайынсыз жоголгон 38 жаштагы Хафур Абдурахеманга издөө салып, коомчулукка кайрылды.

ШИИББдин маалыматы боюнча, 5-октябрь күнү Свердлов РИИББне Бишкек шаарынын тургуну И.З кайрылып, 1981-жылы туулган бир тууганы Хафур Абдурахеман дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, издөө иштерине колдоо көрсөтүүсүн өтүнгөн.

Белгилүү болгондой, аталган жаран 4-октябрь күнү саат 18:00 чамасында “Мадина” базарынан ак түстөгү мамлекеттик номуру 03KG260ABJ  «BMW Х5» автоунаасы менен кеткенден кийин дайынсыз болуп болууда. Аталган факт боюнча Свердлов РИИББ тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рээстрине катталып, издөө иштери жүрүүдө.

Эгерде Хафур Абдурахеманды кимде ким көргөн болсо же кандайдыр бир маалыматыңар болсо анда 0(553)102566, 0(772)052000, 0(702)498888, 0(0552)102743  же «102»», телефон номурларына чалсаңыздар болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости