www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 24-октябрда Франциянын президенти Эммануэль Макронду мусулмандарга көз карашы үчүн кескин сындады. Эрдоган Макрондун "психикасын дарылоо керектигин" айтты.

"Түрдүү ишенимдеги миллиондогон ыймандууларга кайрылып, алардын психикасын дарылоого чакырган мамлекет башчыга эмне деп айтыш керек?"- деди Эрдоган Анадолу аймагына барган учурдагы телекайрылуусунда.

Макрон ушул айдын башында Исламды "дүйнөлүк кризис доорундагы дин" катары сыпаттаган. Президенттин айтымында, декабрда Франция өкмөтү чиркөөнү мамлекеттен ажыраткан 1905-жылкы мыйзамды бекемдөө мыйзам долбоорун сунуш кылат.

Макрондун дүйнөбий баалуулуктарды радикал исламчылыктан коргоо чакырыгы түрк өкмөтүн камтама кылган.

Макрон менен Эрдоган Жер ортолук деңизинин чыгышындагы укуктук маселелер, Ливиядагы, Сириядагы абал, Тоолуу Карабактагы жикчилдик кризиси жаатында эки айры пикир билдирип келишет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости