www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле Макрон Францияда француз мугалимин диний фанат мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин "агартылган исламды" курууну сунуш кылган.

"Биз өлкөбүздө либералдуу исламды (Мусулманчылыктагы ритуалдык белгисиз, Европалаштырылган Ислам. Бул түшүнүктө хиджаб кийүү, намаз окуу жана башка Ислам динин айырмалоочу жөрөлгөлөрсүз мусулман болуу) курууга жардам бере турган тартипти түзүү жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Биздин республика менен тынчтыкта ​​жашай турган, мечитти мамлекеттен бөлүү принцибин урматтап, адекваттуу акылдарды камтыган ислам динин жаратуу", - деди Франциянын президенти.

Бүгүн Кайсери шаарында сүйлөп жатып Эрдоган Макрондун мындай сөздөрүн сынга алды.

"Макрондун Ислам жана мусулмандар менен эмне көйгөйү бар? Мамлекет башчысынын өз өлкөсүндөгү миллиондогон мусулмандарга мындай мамилеси, бул биринчи кезекте анын акыл-эсин башкара албай калгандыгын билдирет. Ал өзүнүн психикасын дарылашы керек", - деп баса белгиледи түрк лидери

Андан кийин Елисей сарайы Эрдогандын билдирүүсүн кабыл алынгыс деп атап, элчисин Түркиядан чакыртып алуу чечимин жарыялады.

Эскерте кетсек, Макрон терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Россиянын Президенти Владимир Путинге кайрылган.

Макрондун мындай сөздөрү акыркы убакытта Францияда террорист жана Ислам дининин фанатиктеринин айынан жабыркап келгендигине байланыштуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости