www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карл Маркс жазган аарылардын мээси деле жок, бирок алар жасаган түнөктөрүн, мээси бар адамдардын бары эле жасай алышпайт деп. Аарылардын жашоосу кызык, алар деле ургаачыларын кызганышат, келечек тукумдары үчүн жан–таслим болуп кетишет. Жупташуу учурунда эркек бал аарылар ургаачыларынын организмине аларды убактылуу сокур кылып коё турган уу же токсин берет. Жыныстык жупташуу учурунда эркек аарылар өлөт, ал эми жаш ургаачы бал аарылар башка эркектер менен жупташпай бир нече жыл өмүр сүрүшөт. Эркек бал аарылар ургаачы аарынын көзүн мокотчу ууну иштеп чыгаруу менен өз артында тукум калтыруу мүмкүнчүлүгүн болушунча арттырышат. Ургаачы аарынын уруктанган тукумунан эркек же жумушчу аарылар менен болочок эне аарылар, уруктанбаган тукумдан – ургаачы аарылар менен жалкоо аарылар пайда болот. Уруктандырылып жаралган аарылардын баарында энесинин гени болот. Мындай абалга бири-бирине атаандашкан эркектер ыраазы болбогондуктан, ургаачы аарыларга каршы жогоруда белгиленгендей амал-айла колдонушат. Ага карабай, ургаачы бал аарылар бир нече эркек аары менен жупташат. Демек, аларда эркек бал аарынын убактылуу сокур кылып коё турган уусуна каршы эмдөөчү дары бар. Муну таап билүү - окумуштуулардын азыркы максаты.

Эркек бал аарылар артында тукумдарын калтырууну каалагандыктан, канышаны башка эркек аарылар менен кошумча жупташтырбоонун амалын кылат. Каныша көзү көрбөсө, уча албайт. Окумуштуулар аныктаган токсиндер - эркек бал аарынын уруктук суюктугундагы белоктор. Бул белоктор эрендикти бөлүнтпөй кармап турганга көмөктөшөт. Окумуштуулардын алгачкы изилдөөсү бал аарынын эркегинин уругундагы уулуу суюктук атаандаштарынын эрендигин өлтүрүп, иштен чыгарганын аныктаган эле. Мындай белок бардык эркек бал аарыларда бар, бирок бирөөлөрү аны көп, экинчилери аз иштеп чыгат.

Жупташуудан кийин ургаачы аарылардын көзү начар көргөндөн тышкары жаңы эркек аарылар менен жолуккусу да келбей калат. Болочок каныша өз уюгун негиздемекчи болуп жаткан кезде жыныстык сапарга чыгат. Канышалар жупташкан эркек бал аарылардын саны 24кө чейин жетет. Алардын эрендиктерин каныша өз тукумун уруктандырганга чейин жатынында сактайт. Жетиштүү эрендик топтогон жаш ургаачы аары өзү мурда жашаган уясына келбейт. Ал жаңы уя негиздеп, кайра эр издеп учуп кетпейт. Жаш ургаачы аарынын балдарынын гени максимум 24 атадан болот. Мындай генетикалык көп түрдүүлүк мураскерлердин түрдүү жагдайда карабай жашап кетишине жол ачат. Себеби, гендердин бир комбинациясы бап келсе, экинчилери бап келбей, андан тукум болбой калышы ыктымал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости