www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын белгилүү журналисти Эрнис Кыязов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Журфактагы  студент күндөрүн эстеп жазды.

"Журфакка өтсөм эле, студент болсом эле, эптеп борборго жетсем эле кандайдыр кереметке балкый тургансып ээлиге берчүмүн. Көрсө мен эле эмес, ошо жылдары мага окшоп алыскы аймактардан борборго келип, журфакка тапшыргандардын баары ошентип ээлигиптир.

Улуттук университетке, ыр жазган, аңгеме жазган, драма жазган кыялкеч апендилердин баары негедир ошол жылдары көп чогулуптурбуз. "Алыкул Осмонов кезинде антиптир, Токомбаев тигинтиптир, Сыдыкбеков моминткен экен..." деп эле чогула калган жерден кужурашып эле талкуулашып, тим эле өзүбүздү ошолордой сезип, ошолорду туурап адабий жаргондордо сүйлөгөндөрүбүз да арбын эле.

На изображении может находиться: дом, дерево, растение и на улице

"Учур" деген дубал гезитке макала-сакала... этюд, ыр-пырларды жазып эле, аныбыз университеттин коридоруна илингенде... алыстан акмалап "ким окуп атат болду экен..." деп коомайланып, кокус мактаган, тамшангандарды байкап калсак... компоюп эле ары-бери басып калаар элек.

"Илхом" деген кыздардан турган топ поэзия окуп, ыр ырдап шарактап эле жүргөнүн көрчүбүз. Шаарда бараар тууганы жоктор, үйү жоктор ушул 10-жатаканада жашадык. Борбор калаа, жогорку окуу жай тууралуу кыялый фантазияларыбыз күбүлүп, шадыраңдаган маанайыбыз шалпайган соң ушул жатаканада далай ачка калып, нанга акча тапканда таап, таппасак кулкулдатып эле суу ичип көз караңгылашкан күндөр өттү го чиркин...

На изображении может находиться: 1 человек, небо, дерево, растение, облако и на улице

Бирок жатаканабыздын жан дүйнөнү толкуткан аурасы бар эле. Калмурат комузун колго алып обонун созгондо анын үнү узуун коридорду бир туруп муңга, бир туруп шаңга бөлөп, көптөрү ыр укмакка эшиктерди кыңкайта ачып-ачып коюшчу. Бир күнү карасаң элдикинен үнү башкача Рысбай күркүрөп, каркырап, манасын күпүлдөтчү. Зайырбек жаңы жазган ырын эргип-толкуп ким бирөөлөргө окуп берип атканын, "тиги жери саал момундай болуп калыптыр... мобу жагын уйкаштыктарын караштырбайсыңбы..." деп талкуулашкан көрүнүштөр да тез-тез болуп турчу. Рыспай менен Зайырбек балкону бар бөлмөдө чогуу турушчу, эмне себеп болгону эсте жок.

На изображении может находиться: Зайырбек Ажыматов и Рысбай Исаков, дом, дерево и на улице

Бир күнү экөөнүн бөлмөсү өрттөнүп кетип кашайтканы эсимде.

Мен да жатаканадагы ташталган ашкананы оңдоп-түзөп, актап-сырдап өзүм жалгыз жашаганымды, түн бир оокумда туруп алып Алыкулчасынан, Пушкинчесинен жемпирди желбегей жамынып алып балкондо булут жиреп бараткан айды карап улам оңдоп, улам чийип ыр-пырга окшотуп бирдемелерди жазган уйкусуз күндөрүм эске түшүп жылмаям. 

Жатакананын жанынан өткөн сайын качанкы таза, баё, апенди-чалыш күндөрүм бир кылт эте эске түшүп, ошонку күндөрдүн жылуу илеби келе берет. Баягы балкондор баягы эле жерде турат, болгону кирпичтеп тосуп туюктап салышыптыр.

"Мен бүгүн бир ыр жаздым эле, угасыңбы.." деп уяң үн чыгарып бири - бирибизге жаңы ыр окуп берчү сейил бак, андагы олтургучтар, андагы мажүрүм талдар деле ордунда...

На изображении может находиться: дерево, трава, стол, растение, на улице и природа

Жатаканынын үстүндөгү булуттуу көк асман деле ошол бойдон тургансыйт...

На изображении может находиться: облако, небо, дерево и на улице

Бирок, болбой эле ал убактын асманы башка, булуттары башка, мажүрүм талдары, айлуу түнү азыркыдан башкадай, эч бир кыйдылыкты билбеген тазадай, аруудай туюла берет...

Андан бери бир топ убакыт өттү, Закем айтмакчы "ортодо мезгил дубалын орнотту", "баягыдай ыр окушканга", "баягыдай сөгүшкөнгө" киши калбагансып, ээнсиреген сейил бак, ээнсиреген "скаймейкалар" ошонку журфак менен филфактын жигиттерин, кыздарын күткөнсүп сезиле берет мага...", - деп Кыязова жазып чыккан.

На изображении может находиться: дерево, растение, трава, небо, на улице и природа

Булак: NazarNews.kg

Последние новости