www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сырттан байкап турган адамга белгилүү тележурналист Эрнис Кыязов ар дайым орчундуу маселени оор салмактуу кылып жазып ортого таштап, ой-пикирин айтып келет. Бүгүн, Эрнис мырза “Жер асты менен өтчү өтмөктүн кире бериш тепкичине эл үшүбөсүн деп шаардык мэриябыз кленка-парда тартып коюшкан экен, аны да булчуңу ашып-ташып аткан кай бирөөлөр кескилеп, үзгүлөп кетишкен”, - деген пикирин жазып чыкты.

...өнүккөн өлкөлөрдү туурагыбыз келет ээ?.. Аларың таштандысын да иреттүу ташташат экен: желимин желимге, кагазын кагазга, айнегин айнекке..деп тамшанып, анан кудум ошондой кылып кызыл-сары-көк кылып таштанды челек жасап койкойтуп койгонубуз бир тең да, бирок негедир биздин таштанды таштаган адатыбыз өнүккөн өлкөлөрдүн тартибине түк эле окшошпой ашмалтайы чыгып калат...кагазы, айнеги, желими ботала болуп аралашып...

На изображении может находиться: на улице, текст «Kara3 6ymara PAPER 闺图国 жeлиm nлacTиK PLASTIC 008 aйHeK cTeKлo GLASS త»

Өнүккөн мамлекеттерде көзү көрбөгөн көзу азиздер үчүн сары-бүдүр кылып атайын жол салышат экен, кел биз деле ошентели деп чамынып ошенткенибиз менен, негедир биздин ал жолубуз салынганына аз өтпөй тээп, жулуп, кемшейтип кетишет иттики... Жер асты менен өтчү өтмөктүн кире бериш тепкичине эл үшүбөсүн деп шаардык мэриябыз кленка-парда тартып коюшкан экен, аны да булчуңу ашып-ташып аткан кай бирөөлөр кескилеп, үзгүлөп кетишкенине карабай, кайра скотчтоп жабыштырып коюшуптур...

На изображении может находиться: на улице

На изображении может находиться: в помещении

Т-тууй, эмнеге ушинтебиз биз? Өнүккөн мамлекеттердин өнүгүп жаткан аны-муну кадамдарын туурасак эле биздики эмнеге такай окшошпой калат ыя?-деп ойлоном. Ошондой бүлүндүргүч, бузгуч, оң эле нерсени тетири кылып салгыч жаштар үйлөнүшөт, аң сезиминде эмне акыл болсо, ошону уул-кызына сиңиришет. Мына ошондойлор мектепти бутүшөт, жогорку окуу жайга тапшырышат, анан балким бийликке келишет, анан конституция жазышат: "..өнүккөн мамлекеттердей болуп парламенттик система кылалы, жо-жооок президенттик кылалы!" деп талашып-тартышышат... Тигинтсе да, минтсе да, жанагы таштанды челектердеги желими, айнеги, кагазы аралашып жатып калган кебетеге туш болуп кашайышат...деген белгилүү тележурналист Эрнис Кыязов.

Чынына келгенде Кыргызстандын калкы башка кошуна мамлекеттеги жарандарга салыштырмалуу бир топ жакшы жашайт. Ачуу чындык жарандардын 70% этикалык, көчөдө жүрүнүүн маданияты азырынча калыптана элек. Анткени жаштардын көпчүлүгү каалаган жерге таштанды ыргытып, каалаган берге түкүрүп же какырып кете беришет, бул кадимкидей көрүнүш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости