www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун ишмердиги көңүлгө толобу? Өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугу кандай абалда? Дыйкандардын мээнети акталып атабы?..

Экс-депутат Эсенгул Исаковдун АЗИЯnews гезитине берген жообу: 

-- Айыл чарба министрлиги жаңы багытта иштесе, аларга эч ким нааразы болбойт эле. 30 жылдан бери келген министрлер аракет кылып иштешкени менен базар экономикасынын талабына ылайык эч нерсе кыла алышкан жок. Азыр дыйкандардын талабы – өндүргөн продукцияларын чет жакка экспортко өткөрүү.

Чынында айыл чарба министрлиги сатып алуудан тышкары дыйкандарга тейлөө кызматын көрсөтүшү керек эле. Тилекке каршы, министрлик тараптан андай аракет болгон жок. Ошон үчүн дыйкандар “айыл чарба министри эмне кылып койду эле?” деп нааразы болушат.

Анткени, дыйкандар өздөрү техникага тетиктерди издейт, өндүргөн продукциясын тышка сатыш үчүн керектүү документтерди топтоп, өздөрү чуркап, уруксат алышат. Айтор, дыйкандар баарына аракет кылышат.

Эң жаман жери, алар өз алдынча өндүргөн продукциясын экспортко чыгарганда түрдүү себептер менен жолдон кайтып келген учурларда кыйналып калышат.

Азыр дыйкандар чоң көлөмдө сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүргөндү үйрөнүп алышты. Болгону, буларга жеткиликтүү жардам болбой жатат. Мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя түрүндө берилген 5-6 миллиард сом дыйкандардын он пайызына эле жетти.

“Быйыл эки жарым, үч миң дыйкан жеңилдетилген насыя алды” дешкени менен ал каражаттар жетишсиз.

Бизде 400 миңден ашык дыйкан бар. Айыл чарба министри жок дегенде жаңы көз караш менен ишти уюштуруп, дыйкандарга жардам берсе, кыйла жеңилдик болмок. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча дыйкандарга ыраазычылык айтыш керек. Ошолордун жардамы менен бул жагы алдын алынып жатат. Болгону министрлик алдын ала дыйкандарга “быйыл ушул продукция кымбатташы мүмкүн, ошого кам көрөлү” деп мониторинг жүргүзүп турса, жардам болмок.

Күз келгенде дыйкан эмки жылы эмне эгерин билиши керек. Анткени, айыл чарба тармагы тынымсыз өзгөрүп турат эмеспи. Ошон үчүн күзүндө да жер семирткич керектелет. Биздин фермерлер жакшы күндөн үмүт кылып, тынымсыз иштешет. Быйыл мына кургакчылык болуп, дыйкандар банкрот болушту. Эми ал чыгымды үч жылсыз ордуна тургуза алышпайт. Себеби, дыйкандардын эмгеги акталбай калганда “форс-мажордук кырдаал болуп калды” деп каражат төлөп берип, чыгымынын ордун толтуруп бергенге биздин мамлекетте мүмкүнчүлүк жок. Айыл чарба министрлиги мындай мезгилде дыйкандарга колдоо көрсөтүүнү да ойлошу керек, - дейт экс-депутат.

Булак: АЗИЯnews гезити

Последние новости