www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 17-октябрда шаардык ооруканага жасалган Израил армиясынын соккусунан 500дөй адамдын өмүрү кыйылды. 

MedGlobal эл аралык кайрымдуулук уюмунун башчысы Захер Сахлул чабуулду медициналык мекемеге жасалган "акылга сыйбас кол салуу" деп атап, аны "аскердик кылмышка" теңеди.

Ооруканага жасалган соккуну дүйнө лидерлери дароо айыпташты. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо чабуулду "үрөй учурган жана такыр кабыл алынгыс" деп мүнөздөдү.

Египет, Иорданиянын лидерлери айыптаган билдирүүлөрдү жасашты. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган "Газадагы зулумдукту токтотууга" чакырды.

Палестина менен Израилдин ортосундагы аскерий жаңжал 7-октябрда башталган.

Эскерте кетсек, Израил менен палестиналык Хамас кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. 

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости