www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Центерра» айла жок кыргыз тараптын койгон шартына көнүш керек», - деди бүгүн, 22-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул агай, бийлик «Кумтөр» кенин кайтарып алабыз дегени менен биринчи каршылыкка тушукту. Эми утулабыз дегендер чыга баштады. Сиз Садыр Жапаровдун «Кумтөр» боюнча баштаган иштеринин аягына чыгарарына ишенесизби?

- «Кумтөр» боюнча Садыр Нургожоевич Жапаров мамлекеттин башчысы катары саясий эркин көрсөтүп, мамлекеттин башкаруусуна алды. Бул убакка чейин «Кумтөрдү» башкарып келгендер дүйнөлүк маанидеги мөңгүлөрдү жок кылып, экологияга өтө чоң зыянын тийгизди.

Ал эми мыйзамсыз жайыт жерлерди бузгандан тышкары, кен казган жерлерге тиешелүү жоготууларды мыйзам чегинде төлөшкөн эмес.

Ошондуктан «Кумтөрдүн» алтындарын уурдап элдин ырыскысын жегендердин Эл аралык соттордон утабыз деген ойлорунан майнап чыкпайт деп ойлойм.

Демек, чындык Кыргызстан тарапта, «Центерра» айла жок кыргыз мамлекетинин койгон шартына көнүш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости