www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары үчүн чексиз согуштар доору бүттү. Бул тууралуу президент Жо Байден Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76 -сессиясында билдирди. Белгилей кетсек, 78 жаштагы америкалык саясатчы президент катары биринчи жолу ушул трибунадан сүйлөп жатат.

“Биз Ооганстандагы 20 жылга созулган жаңжалды токтоттук жана туруктуу дипломатиянын жаңы доорун баштайбыз" - деди Байден. 

БУУнун трибунасынан президент катары биринчи жолу сүйлөп жатып, Байден аскердик күч колдонуу биринчи эмес, акыркы чара болушу керектигин жана "бул дүйнөдөгү кандайдыр бир көйгөйгө жооп катары колдонулбашы керектигин" баса белгиледи."Кошмо Штаттары өзүн коргой турганында шек жок жана биз күч колдонууга даярбыз, бирок ар бир миссия так жана толук болушу керек", - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, Вашингтон жаңы кансыз согушту жана дүйнөнү блокторго бөлүүнү көздөбөйт жана болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык мамлекеттер менен иштешүүгө даяр.

Дональд Трамптын администрациясы учурунда АКШнын Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгуусу жөнүндө айтып жатып, Байден Кошмо Штаттар Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна "тоскоолдук кылууга" милдеттүү экенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда Байден АКШ беш + бир тобу (БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү жана Германия) менен бирге, эгерде Ислам Республикасы макул болсо, Иранга дипломатиялык жол менен кайтууга даяр экенин билдирди. Ал Кошмо Штаттар дипломатиялык жолдор менен Корея жарым аралын өзөктүк куралдан арылтууга аракет кыларын кошумчалады.

Америка президенти өз сөзүн дүйнөлүк лидерлерди мезгилдин чакырыктарына каршы турууга, жакшы келечекти курууга жана планетаны сактап калууга чакыруу менен аяктады.

Эске сала кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгы бүгүн, 21-сентябрда башталган жана 27-сентябрга чейин уланат. Жакында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сессияда сөз сүйлөйт.

Фаррухжон Муродкулов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости