www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдигинин лидерлери 10-декабрда Орусиянын Украинадагы кырдаалдагы ролуна байланыштуу расмий Кремлге каршы киргизилген экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартууну колдоп добуш беришти.

Француз президенти Эммануэл Макрон жана немис канцлери Ангела Меркел Брюсселдеги Евробиримдктин саммити маалында Евробиримдиктин мамлекет башчылары менен өкмөт башчыларына «Нормандия форматындагы сүйлөшүүлөрдүн» акыбалы тууралуу кыскача маалымат беришкен. Алар Крым жана Донбасстагы кырдаал боюнча эч жылыш болбогондугун белгилеп, Орусияга карата экономикалык чектөө саясатын улантууну сунушташкан.

«Нормандия форматы» – бул Украина, Орусия, Германия жана Францияны камтып, Украинанын чыгышындагы Орусия колдоого алып жаткан жикчил түзүлүштөр менен расмий Киевдин ортосундагы жаңжалды чечүү мүдөөсүн аркалайт. 2019-жылдын декабрынан бери иш жүзүндө «Нормандия форматындагы» саммит өткөрүлө элек болчу.

Евробиримдик алгачкы жолу Орусияга каршы санкцияларды пост-советтик эгемен Украинага таандык Крым жарым аралын Орусиянын 2014-жылы мыйзамсыз түрдө убактылуу басып алышына жана Украинанын чыгышындагы жикчилерди аскердик жактан колдоого алышына каршы экономикалык жазалоо чарасы катары алгачкы жолу 2014-жылдын июлунда киргизген эле. Ошондон бери Украинанын чыгышындагы согуш жаңжалынын айынан 13,200дөн ашуун киши курман болгон.

Евробиримдиктин чектөөлөрү ошол мезгиден бери улам-улам 6 айга узартылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости