www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги 10-январда Казакстанда өткөн парламенттик шайлоону «ыраттуу кемчиликтердин» жана «колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрдүн» натыйжасы деп сыпаттады.

Биримдик жети жылдан бери бир да жаңы партияны каттоого албаган казак бийлиги жарандарды тандоо мүмкүндүгүнөн ажыратканын билдирди.

ЕБнын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Питер Стано шайлоо учурунда фундаменталдуу эркиндиктер чектелгенин, анын ичинде тынч нааразылык өткөргөндөр кармалганын, байкоочуларга кысым көрсөтүлгөнүн белгиледи.

ЕБ өкүлү Казакстанды эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөдү.

12-январда Казакстандын Борбордук шайлоо компаниясы (БШК) парламенттик шайлоонун жыйынтыктоочу корутундусун жарыялаган. Ага ылайык, «Нур Отан» – 76 мандат, «Ак жол» – 12, Казакстандын калк партиясы – 10 мандат алды. Муну менен мажилистин партиялык курамы 2012-жылдагыдай эле болуп калды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости