www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин бүтпөгөн сот иштери уланууда

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 13-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланат.

Атамбаевдин адвокаттары билдиришкендей, сотко мурдагы мамлекет башчы өзү катышат.

Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери бириктирилип каралууда. Алар Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук жана «Терек» сурма кениндеги коррупцияга байланышкан кылмыш иштери.

Быйыл январда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко өткөнү маалым болгон. Анда, Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу тууралуу иште Атамбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында Бишкектеги №47 колонияга которулган.

Эске салсак, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот 30-ноябрда Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости