www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдованын президенти Майя Санду алгачкы расмий визит менен Украинага барды. Көпчүлүктүн көңүлүн бурганы, Сандунун чет өлкөгө болгон сапарына учак менен эмес, унаа менен барганы болду. Бул тууралуу чэт элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, президенттин катчысы Сарина Штефирцанын айтымында, Молдова делегациясы Киевге учакта эмес, азыраак каражат коротулушу үчүн унаа менен жөнөгөн. Мындан тышкары, катчы бул пандемия учурундагы ыңгайлуу аракет болгонун белгилеген.

"Украина менен Молдова өкүлдөрүнүн расмий учурашуусу бүгүн, 12-январга белгиленген. Санду визит алкагында Украина президенти Владимир Зеленский, өкмөт башчы Денис Шмигал жана парламент спикери Дмитрий Разумков менен жолугушуу өткөрөт. Молдова делегациясынын курамында Сандудан тышкары дагы 9 адам бар. Ал эми Молдова менен Украинанын бийлиги 2015-жылдан бери расмий жолугушуу өткөргөн эмес. Кишинёв менен Киевдин аралыгы 470 километрге жакын", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Санду Молдовада 2020-жылы ноябрда өткөн шайлоодо жеңишке жетип, 24-декабрдан тарта президенттик кызматка киришкен. Буга чейин жаңы шайланган президент өз батиринде калаарын айтып, мамлекеттиик резиденцияда жашагандан баш тартканы мактоого татыган  болчу. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости