www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Нур Отан» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөндөрдүн катарында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига да бар. Ал тизмеде 41-орунда турат. Андан тышкары Мажилистин азыркы спикери Нурлан Нигматулин, саясат таануучу Айдос Сарым, журналист Жанарбек Ашимжан да бар.

57 жаштагы Дарига Назарбаева өткөн жылдын май айына чейин Сенаттын спикери болчу. Кийин анын ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаев өз буйругу менен токтотуп койгон. Себеби айтылган эмес. Назарбаева буга чейин да өкмөттө жана парламентте жогорку кызматтарды ээлеп келген.

10-январдагы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, президенттик «Нур Отан» партиясы 71% жакын добуш топтоду. Бийликке жакын «Ак жол» - 11% жана Казакстан элдик партиясы - 9% добуш топтоп, парламенттен орун алат. Шайлоого бийликчил беш партия катышкан. Оппозициялык саясий күчтөр бул шайлоого бойкот жарыялап, ага катышкан жок.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости