www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын социалдык маселелер боюнча отурумунда борбор калаадагы окуучулардын кандай тартипте окуй тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, борбордогу мектептер балдарды кабыл алууга даяр.
«Азырынча 1, 5, 9, 11-класстарга уруксат берүүнү сунуштап жатабыз. Башкаларга салыштырмалуу булар мектепке келип-кетип окууга өтө муктаж. Аралыктан окутуу билимдин сапатына таасирин тийгизет. Иштей баштаган мектептерге 2-3 жума мониторинг кылып, эгерде ооруп калгандар ошол эле деңгээлде болсо, анда башка класстарды да офлайн системасына өткөрүүнү карап көрүүнү сунуштоону ойлоп жатабыз», — деди ал.
Иманалиеванын айтымында, мектепте окуучулар кабинеттен кабинетке көчпөй, бир жерде окушат. Аларга предметтик мугалимдер келип сабак өтүп турат.
«Окуучулар шахматтык тартипте отургузулат. Класс эки тайпага бөлүнөт. Үчкө бөлө албайбыз, бул үчүн мугалимдерге кошумча акы төлөп берүүгө туура келип калат», — деди башкармалыктын жетекчиси.
Кабинеттер жетиштүүбү деген суроого Иманалиева бардык окуучулар мектепте бир маалда келбей тургандыгын айтты.
«Бардык балдарды бир мезгилде киргизбейбиз. Ар биринде сабактын башталышы каралган. Мисалы, 1-класстын биринчи тайпасынын сабагы саат 8:00дө, экинчисиники саат 11:00дө башталат», — деп түшүндүрдү ал.
Ошондой эле ал мектеп жана бала бакчалар үчүн зыянсыздандырган каражаттар 6 миллион 800 миң сомго сатып алынгандыгын, ал болжол менен эки айга жетерин кошумчалады.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg