www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстандагы президенттик шайлоонун лидери Садыр Жапаровдун Москвага сапары сөзсүз болот, анын датасы Россия тараптан көз каранды, ал эми азыр расмий сунуштар боло элек”,- деп Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев маалымдаган.
Албетте, Путин Жапаров Кыргызстандын ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагында болгондуктан куттуктагандыр, ага Садыр Жапаров жооп берди:
«Урматтуу Владимир Владимирович, мен сизге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайлангандыгыма байланыштуу жылуу куттуктоолоруңуз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Биздин элибиздин ортосундагы көп жылдык достук, өз ара түшүнүшүү жана колдоо мамилелеринин негизинде Кыргыз Республикасы ар дайым Россиянын ишенимдүү жана туруктуу өнөктөшү болгон жана болуп кала берээрин чоң канааттануу менен билдиргим келет.
Мен Кыргыз-Орус мамилелери мындан ары да эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда динамикалуу түрдө жана жемиштүү өнүгө берет деп ишенем.
Сизге, урматтуу Владимир Владимирович, чың ден-соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүктө ийгилик, ал эми Россия элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм. Сиз менен тез арада жолугушуп, кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн чыдамсыздык менен күтөм».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg