www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир айда Кыргызстандын чек арасынан 100 миң чет элдик кирип чыккан

Кыргызстан чет элдиктерге чек арасын ачкан бир ай ичинде өлкөгө дээрлик 100 миңге чукул жаран кирип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Кеп "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аркылуу 4-декабрдан 31-декабрга чейин каттагандар тууралуу болуп жатат.

Бул аралыкта Кыргызстандын аймагына жалпысынан 56 880 киши кирсе, алардын ичинен 30 748и чет элдик экени аныкталды.

Ошол эле учурда 39 756 адам Кыргызстандан чыгып кетти, алардын 12 645и башка өлкөлөрдүн атуулдары.

Эске салсак, кыргыз өкмөтү 2020-жылдын 4-декабрынан тарта бардык чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн чек арасын ачкан. Болгону акыркы 72 сааттын ичинде өткөн коронавирусту аныктоочу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүп, тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүшү керек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 

 

Последние новости