www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылууда. Бул тууралуу аталган комитет Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, Кадырбековдун билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.
«Уят сөздөр артисттер жана маданият ишмерлерге карата репрессия жүргүзүүгө негиз болушу мүмкүн эмес — анткени жашы жете элек балдардын адеп-ахлак тарбиясы алардын ата-энеси аткара турган иш, мамлекеттики эмес. Ар бир ата-эне өзүнүн жашы жете элек балдарына камкордук көрсөтүп, артисттердин көрсөтүүлөрүнө чектөө коюуга укуктуу. Буга бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле, аталган комитет Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жоюуну сунуштады.
Эскерте кетсек, жакында ырчы Курал Чокоевдин “В пи#ду звезду” аттуу долбоору чыккан, анын маңызы чакырылган конокту күлдүрүү жана шылдыңдоо. Көрүүчүлөр долбоордун катышуучуларынын уят сөздөргө негизделген тамашасын сынга алышты. Коомчулуктун катуу сынынан кийин Курал Чокоев долбоорду жаап, Ютуб каналынан видеону өчүрүп, жарандардан кечирим сураган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg