www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аутизмге чалдыккан балдардын ата-энелеринин "Рука в Руке" коомдук бирикмеси чуулгандуу “В П#изду Звезду” шоусуна катышкандан кийин эл тарабынан катуу сынга кабылган ырчы Кайрат Примбердиевди коргоп чыгышты. Тийиштүү билдирүүнү аталган уюм Facebook баракчасына жарыялаган.

«Кымбаттуу досубуз Кайрат Примбердиевге коркутуп-үркүтүү болуп жатканда биз унчукпай коё албайбыз. Ага жаман адамдар жана жаман сөздөр көп тийди. Кайрат биз сыймыктанган жана суктанган адамдардын бири экендигин эске салабыз. Ал өлкөбүздүн даңкын чыгарган адам, башкаларга өзүнүн чыгармачылыгы жана иштери менен акысыз жардам берип келген жана дагы деле жардам берип келет», - деп айтылат билдирүүдө.

Уюм ырчы чакырылган кайрымдуулук иш-чараларга эч качан баш тартпастан катышып келгендигин белгиледи. "Биздин улуу жана көөнөрбөс жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай:" Адамга эң оор нерсе - күн сайын адам бойдон калуу ",-  дегендей, келгиле, адам бойдон калалы жана башкалар буга чейин жасаган жаңылыштыктары үчүн өкүнүп, кечирим сураган каталарын кечирүүгө аракет кылалы", - деген алар.

Ошондой эле коомдук бирикменин өкүлдөрү Маданият министри Нуржигит Кадырбековго кайрылып, "ачуусу менен баш албай, Кайраттын өлкөгө кылган бардык эмгегин эске алуу" өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости