www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдиги (ЕБ) Тоолуу Карабактын куралдуу кагылышуулардан жабыркаган тургундарына жардам берүү үчүн кошумча 3 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу ЕБдин билдирүүсүндө жазылган.

Евробиримдик бул максатта октябрда да 900 миң евро бөлгөн. Билдирүүдө ЕБдин гуманитардык өнөктөштөрү жабырлануучуларга азык-түлүк, кышкы кийимдер, медициналык жабдуулар өңдүү базалык жардам жетирип бере алышары жазылган.

ЕБдин каатчылыктарды башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич коронавирус эпидемиясынын шартында жана суукта көчүп жаткан адамдарга карата тынчсыздануусун билдирген. Ага карата, колдон келген жардамын берүүгө аракет кылганын маалымдайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости