www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын унаасын жардырып кетишти

Белоруссиянын Гродно шаарында белгисиз адамдар милиця кызматкеринин унаасын жардырып жиберишкен. Жеке маалыматтар боюнча, буга чейин “радикалдык Telegram каналдарынын биринде” милициянын кызматкери тууралуу жеке маалымат чыккан. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүу басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 19-ноябрдан 20-ноябрга караган түнү болгон. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери коопсуздук кызматкерине таандык “Шкода” үлгүсүндөгү унаа жана үч коңшу унаа бузулгандыгын аныкташкан.

“Унаанын жанында күйүп кеткен издер болгон. Унаанын алдыңкы бөлүгү жабыркаган түрдөгү жарылуунун белгилери табылды”,-деп айтылат маалыматта.

Адатта кооптуу жол менен жасалган мүлккө атайылап зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөчүлөр окуя болгон жерди карап чыгышып, күбөлөрдү жана жабырлануучуларды сураштырып, видеокөзөмөлдөөчү камералардагы жазууларды алышкан.

Үч айдан ашуун убакыттан бери Беларуссияда нааразычылыктар басыла элек. Алар БШКнын маалыматы боюнча, учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко жеңип чыккан президенттик шайлоодон кийин башталды. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыктарын тааныган жок.

Алгачкы күндөрү демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, суу аткычтар, граната жана резина ок колдонулган. Кийинчерээк, катаал чараларды колдонуудан баш тартышкан, эми азыраак колдонулат. Бийлик үч митингчинин өлүмүн моюнга алды, оппозиция курмандыктар дагы көп деп ырастоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости