www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-августтан тарта Евробиримдиктин аймагына орусиялык көмүрдү импорттоого тыюу салуу күчүнө кирди. Мындай чечимди Евробиримдик өлкөлөрү 8-апрелде Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттерине байланыштуу санкциялардын бешинчи пакетинин алкагында кабыл алган.

Бул тууралуу жарыяда 2022-жылдын августунан тарта Евробиримдик Орусиядан экспорттолгон көмүр жана башка катуу күйүүчү майларды ЕБге импорттоого тыюу салат деп айтылган.

Кошумчалай кетсек, ошол эле санкциялар пакетинде Орусияда катталган кемелерге ЕБ портторуна кирүүгө тыюу салуу жана буга чейин күчүнө кирген башка чектөөлөр белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости