www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун жанында болгон мушташуунун катышуучуларын аныктады. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда мушташтын видеосу тараган. Кадрларда таксилердин жанында бир нече адам мушташып жатканын көрүүгө болот.

«Окуя 26-июль күнү саат 3.00дөр чамасында Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ипподромдун жанында болгон. 29 жаштагы жергиликтүү А.У. аттуу тургун Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган 21 жаштагы А.М.ны сабап салган. Мушташкан эки катышуучу тең жагдайды тактоо үчүн тергөө кызматына жеткирилди», - деп билдиришти ШИИБден.

Жабырлануучунун айтымында, ал күнү ал Бостериге ипподромдун аймагында жайгашкан White кафесине эс алганы келген. Түнкү саат 03:00 чамасында ал кафеден чыгып, үйүнө кетүү үчүн таксисттердин жанына барып, ал жерден жеке айдоочулук менен алектенген А.У аттуу таанышына жолуккан.

«Таксист таанышынан эки ай мурун карызга алган 12 миң сомун качан кайтарарын сураган. Жигит азырынча андай мүмкүнчүлүк жок деп жооп берген. Анда таксист аны каржылык абалы кымбат кафеде эс алууга шарт түзөт, бирок карызды төлөөгө жол жок деп жемелеп, оозеки чыр-чатак болгон. Таксист таанышын бир нече жолу урган. Жакын жерде турган башка таксисттер кийлигишип, аларды ажыратышкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Сабалган адам арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Ошого карабастан, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы окуянын чоо-жайын текшерүүнү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости