www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Аңда Исмаилова фарммафия өкүлдөрү тарабынан коркутууларга кабылгандыгын жар салды. Айтымында, ал дары-дармек департаменти менен саламаттыкты сактоо министрлигиндеги коррупцияны ачыкка чыгаргысы келип жүргөн.

Ал дары департаментине Гүлмира Шакирова аттуу фармацевтикадан кабары жок адам келип, мекеме талкаланып жаткандытан, учурда иштей турган деле тажрыйбалуу кадрлар калбай калгандыгын ачык сынга алып чыккан. Депутаттык коммисия дагы иликгөө иштерин жүргүзүп, көптөгөн мыйзам бузууларды табышкан. Ошондон бери коркутууга кабылуудамын деп депутат акыры агынан жарылды.

Фарммафияны ачыкка чыгаргандын ордуна, министрлик менен департамент аларга жан тартып, былтыйып билмексен болгондугуна капа болууда. Муну менен катар аталган жетекчилер кол алдындагыларын кыйноо менен менин депутаттык ишмердүүлүгүмдү дискредитадиялоо максатында ар кандай методдорду колдонушууда деген пикирде.

Тараптардын чыры парламенттин трибунасынан көтөрүлүп жаткандыгы эмнеден кабар берет? Мунун артында сөзсүз жеке кызыкчылыкттар, орун талашуулар, дарыдан бизнес жазоо сыяктуу кызыкчылыктардын кагылышы бар. Айтмакчы, кечээ жакында министр Космос Чолпонбаев мыңдай баш-аламандык үчүн премьер-министрдин сынына да кабылган.

Тилекке каршы, дары саясаты дары-дармек департаменине тажрыйбалуу кадр дайындоо иши аткарылган жок. Тескерисинче, ал жер мекеме башчысы Г. Шакирова баштап, өз кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн согуш талаасына айланды. Премьер-министр айтчусун айтты, дечүсүн деди. Элдин ден-соолугунан да өз капчыгын ойлоп, фармафияны көзөмөлдүгүсү келген топторго Президент гана чекит койбосо, булар эки-экңден тытышып, орун талашуу менен гана алек болчудай. Департаментке жеке кызыкчылыгын эмес, иш билги жетекчи келмейин, ахыбал эч өзгөрүүсүз калат. Ансыз да, араң жаны калды.

Булак: Ачык саясат

Последние новости