www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин "кара тизмесиндеги" 22 компания бул тизмеден 2 жылдан бери чыгалбай жатканы Кыргызстанда дагы деле болсо тууганчылык, жек жаатчылык, тааныш-билиштик мафиясы гүлдөп жаткандыгынан кабар берет.

Мамлекеттик сатып алуулардагы бул коррупцияны азайтуу учүн "Электрондук каталог" киргизилгени деле ишке анча оң таасир эте албай жатат. Кийинки 2 жылда мамлекеттик сатып алуулар боюнча 50 кылмыш иши ачылган. Алардын көбү курулуш иштерине байланыштуу сатып алуулар экендиги маалым.

60 автобус сатып алуу боюнча да тергөө амалдары жүрүп жатат. Айыл өкмөткө кагаз-калем алса да тендер, кенже окуучуларга мектепте ысык чай менен булочка берүүгө да тендер деген жакшы термин пайда болду.

Аларды ким утаары алдын ала белгилүү. Депутаттык мандаткада "тендер"бар, Президенттик, премьер-министрлик кызматка да "тендер". Айтор кайда барсаң да Мамайдын көрү. Ал турмак көр сатууда да коррупция бар деп Улан Эгизбаев далилдеп журүп көзү өтүп кетти го.

Булак: Ачык саясат
 

Последние новости