www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба министрлиги «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» менен биргеликте жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасын ишке киргизет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
«АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан «i-Dyikan» санариптик платформасы 2026-жылдын 15-февралынан тартып иштей баштайт. Аталган портал аркылуу ар бир фермер каттоодон өтүп, жеңилдетилген насыя алуу үчүн арыз берип, банкка электрондук кезекке тура алат. Насыя каражаттары жеңилдетилген каржылоо программаларынын белгиленген критерийлерине жана талаптарына ылайык берилет.
Санариптик форматка өтүү фермерлерге өз арызынын жүрүшүн онлайн режимде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, «i-Dyikan» платформасы аркылуу министрликтин мамлекеттик кызматтарын электрондук түрдө алууга шарт түзүлүп, тийиштүү жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлөт.
Бул механизм фермерлердин финансылык ресурстарга жетүүсүн жеңилдетүү жана айыл чарба тармагын санариптештирүү максатында ишке ашырылууда.