www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салыкка өтүү үчүн арыз берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды.

Салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландаган салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып 0,1 пайыз ставкасы боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга милдеттүү экенин эскертет.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аталган салык системасын колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча 0,1 пайыздык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү жөнүндө арыз берүүгө тийиш болгон.

Салык төлөөчүлөрдөн келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, салык салуунун аталган системасына өтүү үчүн арыз берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режимине өтүү үчүн аймактык салык органдарына арыз менен кайрылууга чакырат.

Последние новости