www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын Н. Исанов көчөсүндөгү мурда таштандыга айланган жер парк болот. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бүгүн таңкы рейддин жүрүшүндө мэр Жеңишбек Токторбаев аталган көчөдөгү мурда таштандыга айланып, каралбай калган жайга заманбап сейил парк куруу тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, мурда бул жерде жайгашкан эски гараждар жана корук зонага кирген мыйзамсыз имараттар алып салынып, таштандылардан тазаланган эле.
"Жаңы сейил бак курулса жергиликтүү тургундар үчүн бардык шарттар түзүлүп, балдар ойной турган аянтчалар, жаштар жана улуу муун эс ала турган жайлуу бурчтар пайда болот. Бул аймак шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп, таза жана кооз эс алуу мейкиндигине айланат", -деп айтылат маалыматта.