www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күтүүсүз, бирок көптөн бери күтүлүп келе жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иштен алынышы коомчулуктун бир тобунун эсин эңги-деңги кылды. Айрымдар сүйүнүп, айрымдар күйүндү. 

Эми таасир талашкан кырдаал кандай өңүттө өөрчүп, кимдерге бул саясий добуулдун эпкини тийиши мүмкүн деген суроолор талкуулана баштады. 

Алгач эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу төрагалык кызматтан кетээри тууралуу сөздөр имиштердин чордонуна айланды. Бирок парламенттин басма сөз кызматы бул маселе боюнча эч кандай талкуу болбогонун билдирди. Маалым болгондой, төрага учурда Түркияда расмий иш сапар менен жүрөт.

Бирок төраганын иш сапардан кайтып келиши менен маселе козголушу мүмкүн экени айтылууда. Учурда төрага болуп калышы ыктымал катары Курманкул Зулушевдин, Болот Борбиевдин ысымдары аталууда.

Последние новости