www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк коопсуздук системасы дагы бир кооптуу бурулушка кептелди. АКШ менен Россия ортосундагы стратегиялык өзөктүк куралдарды чектеген акыркы келишим СНВ-III (New START) 5-февралда расмий түрдө аяктады. Муну менен эки державанын өзөктүк арсеналын көзөмөлдөп турган акыркы укуктук тосмо да жоголду.
The New York Times басылмасы жазгандай, Дональд Трамптын администрациясы кошумча өзөктүк куралдарды жайгаштыруу жана ал тургай өзөктүк сыноолорду кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Бул маалымат эл аралык коомчулукта тынчсызданууну күчөттү.
Женевадагы куралсыздануу конференциясында АКШ өкүлү Томас Динэнно СНВ-III келишими Вашингтон үчүн бир тараптуу чектөөлөрдү жаратканын билдирди. Анын айтымында, Россия акыркы жылдары жаңы муундагы ракеталык системаларды иштеп чыгып, стратегиялык тең салмактуулукка өзгөртүү киргизген.
Вашингтон эми тактикалык, кыска аралыктагы өзөктүк куралдардын санын көбөйтүү жолдорун карап жатат. Бул согуш талаасында колдонууга ылайыкташкан, кубаттуулугу салыштырмалуу төмөн, бирок саясий жактан өтө кооптуу категория болуп эсептелет.
Эгер мындай кадам ишке ашса, 1990-жылдардан бери сакталып келген өзөктүк сыноолор боюнча бейрасмий мораторий да бузулушу ыктымал.
Арийне, Россия акыркы жылдары бир катар инновациялык системаларды жарыялаган. Алар Батышта олуттуу кооптонуу жаратты. Алсак, ядролук кыймылдаткыч менен иштеген канаттуу ракета, теориялык жактан ал дээрлик чексиз аралыкка уча алат жана ракетадан коргонуу системаларын айланып өтүүгө жөндөмдүү.
Өзөктүк дүрмөт ташыган автономдуу суу алдындагы аппарат. Ал жээк аймактарына сокку урууга багытталган жана кадимки коргонуу системаларына татаал бута болуп саналат.
Эксперттердин баамында, эгер АКШ жаңы жайгаштырууларды баштаса, Россия да жооп кайтарбай койбойт. Бул өз ара ишенимдин мындан ары да алсырашына алып келет. Бүгүнкү кырдаал XXI кылым жаңы куралсыздануу келишимдеринин доору болобу же чектөөсүз өзөктүк атаандаштыкка кайтып келеби азырынча жооп так эмес.